Тенирбердиев Нурбек Касымалиевич.Кыргызстандын талас өрөөнүнүн топурактарынын өзгөрүшүнө геоэкологиялык баа берүү жана аларды пайдаланууну рационалдаштыруу

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрика:Экологиялык илим.Геоэкология

Баяндама:

Теманын актуалдуулугу. Кыргызстандын шартында жер ресурстары агрардык сектордун өнүгүшүндө, өзгөчө дыйканчылык менен мал чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн, сапатын калыптандырууда негизги рольду ойнойт. Изилденип жаткан аймакта, калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда алдыңкы орунду ээлеген, дыйканчылыкты өөрчүтүү негизги маселе болуп, толугу менен топурак ресурстарына таянат.
Азыркы мезгилде Талас өрөөнүнүн топурак кыртышы Кыргызстандын башка региондорундай эле антропогендик таасирлерге көбүүрөөк дуушар болууда. Бул таасирлердин негизгилери болуп жерлерди айдоо жана мал жайуу эсептелет. Ошолорго байланыштуу берилген аймактын топурактарынын азыркы геоэкологиялык абалына туздануу, эрозияга учуроо, тапталуу, ныкталуу сыяктуу терс кубулуштар мүнөздүү болуп калган. Ушулар менен бирге эле топурактын деградациясы, булгануусу жана гумустун өлчөмүнүн азайышы жүрүп жатат. Топурактын асылдуулугун сактоо, коргоо жана өнүктүрүү учурдун актуалдуу проблемасына айланып, орчундуу илимий-практикалык аракеттерди талап кылууда.
Өрөөндүн дыйканчылык зоналарындагы топуракты интенсивдүү иштетүүдө аймактын агроэкологиялык потенциалын жана дыйканчылыктагы илимий негизделген системаны эсепке албай коюу топурактын асылдуулугун кыйла төмөндөттү. Ошондуктан, жерди пайдаланууну илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгына негизделген иш аракеттерди колдонуп, жергиликтүү топурактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен туура уюштуруу азыркы учурдун актуалдуу проблемасына айланды.
Аймактын экологиялык жактан начарлашына байланыштуу жер ресурстарынын сапатынын азыркы абалын баалоо менен начарлоого алып бараткан факторлорду аныктоо аркылуу ал абалды жакшыртуу багытында илимий тастыкталган иш чараларды сунуштоо өзгөчө илимий практикалык мааниге ээ болуп калды.
Өрөөндө айыл чарбага жарактуу жерлердин (830191 га) ичинен айдоо аянттарынын үлүшү болгону (119574 га) 14,5 %ти түзөт. Анын 80 %ке жакыны сугат, 20 %ти кайрак жерлерге туура келет. Кайрак жерге караганда сугат жерлеринин ар бир гектары орто эсеп менен 5-6 эсе көп киреше берет
(Мамытов А.М., 1996). Ошондуктан сугат жерлерин өнүктүрүү жана мелиоративдик жерлерди пайдалануунун эффективдүүлүгүн көтөрүүгө көңүл буруу зарыл. «Кыргызмамжердолбоор» институтунун маалыматтарына таянсак изилденип жаткан региондо сугат жердин аянты 2008-жылга карата 2696 га, 2009-жылга карата 3200 гектар аянтка азайып жаткандыгы белгилүү болду. Мындай жагымсыз көрүнүштү анализдеп көргөнүбүздө саздануу, туздануу, эрозияга учуроо процесстеринин өөрчүшүнөн, таш басып кетүүдөн, мурдагы каналдардын көпчүлүгү ишке жараксыз болуп сугат сууларынын айдоо аянттарына жетпей калышы менен түшүндүрүүгө болот.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *