Т.Аширбаев,К.Нармырзаева Тил илимине киришүү. Бишкек-2003ж

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

«Тил илимине киришүү» курсу жогорку окуу жайларынын  гуманитардык багыттагы факультеттеринде окутулат. Бул курс  келечектеги адисти — филолог мугалимди, тилдерди үйрөнүүгө теориялык жактан даярдоону ишке ашырат. Тактап айтканда, тил илимине киришүү курсуңда студент улуттук тилди жана окуу  процессинде окутулуучу башка тилдерди үйрөнүүдө зарыл болгон теориялык билимдерди алат. Тил жөнүндөгү жалпы түшүнүктөргө жана маалыматтарга ээ болот.
«Тил илимине киришүү» курсунда студенттерге берилүүчу билим  кыргыз тилинин фактыларынан чыгуу менен ишке ашырылат.

Башкача айтканда, жалпы тилдерте мунөздүү болгон кубулуштар жана көрүнүштөр үйрөтүлүп, алардын кайсылары кыргыз тилинде жолугары студенттердин эсине салынат Мисалы, үндүүлөрдүн үндөштүк кубулушунун табияты студенттерге түшүндүрүлүү манен, тилдик бул кубулуш кыргыз, өзбек ж.б. тилдерде кездешери айтылат, бирок кыргыз тилиндеги үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамынын сандык жана сапаттык белгилери жөнүндө айтылбайт. Үндөштүк мыйзамынын бул өзгөчөлүктөрү «Азыркы кыргыз тили» курсунун фонетика бөлүмүндө тереңдетилип окутулууга тийиш.

Курсту окутууда окутуучу студенттердин тил жөнүндөгү жалпы түшүнүгүн ар тараптан кеңейтүүгө басым жасоосу зарыл. Анткени кыргыз тилине мүнөздүү болгон тилдик жана кептик кубулуштарды терең үйрөнүү үчүн студент башка тилдерге тиешелүү фактыларды да билүүсү талап кылынат. Демек, тил илимине киришүү курсу филолог адистерди даярдоодо өзгөчө мааниге ээ курс.

Бүл окуу-усулдук колдонмо тил илимине киришүү боюнча түзүлгөн программанын (Тил илимине киришүү. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары үчүн программа. /Түзгөн: С. Ибрагимов. — Б.. Кыргызстан, 1994) негизинде жазылды.

Колдонмодо курс боюнча өтүлүүчү сабактардын көлөмү болжолдуу  түрдө бөлүштурүлдү. Лекциялык сабактардын текстинин кыскартылган варианты жана практикалык сабактардын болжолдуу мазмуну (суроолору) сунуш кылынды. Тест тапшырмалары жана бул курстун негизинде жазылчу рефераттардын, жана курстук иштердин болжолдуу темалары берилди. Буларды окуу жайынын шартына ылайыкташтырып кайра түзүп алуу ар бир окутуучунун эркине коюлат.

Колдонмого киргизилген лекциялардын мезисттик варианттары пайдаланылган адабияттардан фрагмент катары алынды жана авторлор тарабынан толукталды.

Окуу-усулдук колдонмону жогорку окуу жайында окутуунун бардык формаларында — күндүзгү, сырттан, кечки окуу бөлүмдөрүндө жана дистанттык окуу борборлорунда пайдаланса болот. Албетте, жогорку окуу жайынын шартын жана окутуунун конкреттүү форма-сын эске алуу менен, окутулуучу материалдардын көлөмүн жана мазмунун өзгөртүүгө болот.

Сунуш кылынган колдонмодо лекциялык сабактардын мазму-нун практикалык сабактарда кайталабоого аракет кылынды. Бул, биринчи кезекте, окутулуп жаткан курстун материалдарынын көлөмүнүн кѳп экендиги,менен байланыштырылат. Ошондуктан курс боюнча студенттердин алчу билимдерин мазмун жагынан байытуу үчүн студенттердин өз алдынча иштөөсүн жолго коюу зарыл.

Лекциялык жана практикалык сабактарда студенттердин лингви-стикалык терминдерди өздөштүрүүсүнө ѳзгѳчѳ басым жасоо зарыл.

Курстун мазмунун үйрөтүүдө ѳз алдынча иштөөнүн материал-дарынын эсебинен лекциялык жана практикалык сабактардын көлөмүн көбөйтүүгө болот.

Колдонмонун сапатын жогорулатуу үчүн айтылган сын пикир-лер жана сунуштар үчүн авторлор ыраазычылыгын билдирет.

Авторлор

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *