Медербекова Махабат Сталбековна. Айыл чарба илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертация 06.02.01 – Айыл чарба малдарын өстүрүү, селекциясы, генетикасы жана аларды көбөйтүү

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрики: Айыл чарба илими  – Айыл чарба малдарын өстүрүү, селекциясы, генетикасы жана аларды көбөйтүү

Баяндама:

Кыргыз Республикасынын- климаттык жаратылыш шарты, мал чарбачылыгын өстүрүүгө жана республиканын окумуштуулары түзгөн жаъы породалардын түрүн өнүктүрүүгө ыъгайлашкан.
Уй чарбасы-Кыргызстандын мал чарбачылыгынын ичинен бирден бир алдынкы тармак болуп саналуу менен, анын негизги максаты адамдар үчүн өтө баалуу азык-түлүктөрдү, өнөр жайлар үчүн сырьелорду көбөйтүү жана алардын жакшы тукумдарын өнүктүрүү эсептелинет.
Негизинен уй чарбасы менен республиканын фермердик жана дыйкан чарбалары (98%) алектенет, алардын негизги максаты- сүт жана эт азыктүлүктөрүн өндүрүүнү көбөйтүү, малдын продукциясынын сапатын жогорулатуу менен катар, малдын башын көбөйтүү.
Республиканын бардык чарбаларында үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата бардык бодо малдын саны 1168,0 миъ башты түзгөн, алардын ичинен 607,2 миъ башы тубар уйлар. Акыркы үч жылдыкта алардын жалпы саны 164,6 миъ башка же б.а. 16,4% га өскөн.
Бодо малдардын жалпы санынын ичинен таза кандуу породадагы малдар 33%, аргындары жана жергиликтүү породалар 67%ин түзөт. (Кыргыз Республикасынын Улуттук эсепке алуу комитетинин 2008 -жылга карата берген маалыматтары боюнча). Таза кандуу породалардын жалпы санынын ичинен Ала-Тоо породасы-125166 баш же 68%, Олуя-Ата породасы-21260 баш-11%, карала породасы-15036 баш, же-8%, швиц породасы-4491баш-(2%) жана башка породалар 473 же 1,2%ды түзөт.
Акыркы жылдарда мамлекет тарабынан каржылоонун алсыздыгына байланыштуу, асыл тукум чарбаларда малдын породалуугу гана төмөндөбөстөн, ошондой эле алардын азыктуулугу да ылдыйлаган. Айрым кооперативдик жана фермердик чарбалар бүгүнкү күндө азыктуулугу жогорку б.а. Ала-Тоо жана карала породалары сыяктуу мыкты уйларды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул породалардагы уйлардын орточо саандулугу бир башка эсептегенде 4,5-5,0 миъ кгды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө, мындай чарбалардын саны азайып баратышы абдан өкүнүчтүү.
Жогоруда айтылгандай мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөй, асыл тукум иштеринин пландуу түрдө аткарылбай калышына байланыштуу бодо малдын асыл тукумдук сапатынын начарлашына алып келүүдө. Уйлардын сүт азыктуулугу элет жерлеринде күнүнө болгону 4-5 литриди түзөт же жылдык сааны орто эсеп менен бир башка 2200 кгдан ашпайт. Өлкөнү азык түлүк менен камсыз кылуудагы негизги роль сүт жана эт өндүрүшүн интенсивдүү өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан ири кооперативдик жана фермердик чарбаларга колдоо көрсөтүү эсептелет. Ошону менен катар чарбадагы ветеринардык тейлөөнү кайрадан жаъыча иштеп чыгуу, дени сак малдарды кармоо, топтоо, чарбадагы ветеринардык иш чараларды уюштуруунун деъгээлин жогорулатуу зарыл.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *