Токобаева Гулнура Шейшеновна. Ички теңир тоолук кыргыздардын коомдук –саясий турмушундагы жана көз каранды эместик үчүн күрөшүндөгү чыгаан инсандардын ролу (XIX к. орто чени – XX к. башы)

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрики: Тарых илими – Ата Мекен тарыхы

Баяндама:

Теманын актуалдуулугу. Эгемендикке жана мамлекеттик көз каранды эместикке ээ болгондон тартып өлкөбүздүн коомдук-саясий, чарбалык маданий турмушунда болуп өткөн терең өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө, анык демократиялык жана жарандык коомдун калыптанышында борбордук орунду адам, же азыркы учурдагы терминология боюнча адам фактору ээлеп келди. Анткени кандай гана коом болбосун анын ар тараптан өнүгүүсү түздөн-түз адамдардын аракетине, жаратмандык касиетине байланыштуу, атүгүл ага көз каранды эмеспи. Башкасын айтпаганда да айрыкча, 2005-жылкы Март революциясы эл ээрчиген, калайыктын жапырт колдоосуна арзыган жетик жетекчилердин, таанымал такшалган лидерлердин тагдыр чечээр талылуу тарыхый окуялардын маалында, чечүүчү учурда элдин толкунунун, келечекке умтулуусунун багытын аныктаар башкы ролду ойноорун дагы бир ирет далилдеди.
Тилекке каршы, өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин советтик тарыхчылардын илимий иликтөөлөрүндө көптөгөн тарыхый инсандардын, атүгүл аты аталбай жабыкта калып келген, айрымдары тууралуу аргасыздан сөз кылганда, андайлар көбүнэсе экинчи же үчүнчү планга сүрүлүп . Мындай мамиле тарыхтын кунарын кетирип, аны бир кылка супсак социологиялык ой-толгоолордон куралган жансыз тулкуга окшош тарыхий турмуштан, чындыктан алыс жасалма баянга жакындаткан. Анан калса, тарыхый процесстеги кокустукту, оош-кыйыштуулукту эске алууну каалабагандык, т.а. коомдук кыймылдардын башында турган адамдардын мүнөзү менен жүрүш-турушу сыяктуу кокустукту, оң маанидеги ойго келбес жорукту эске албоо, көпчүлүк учурда тарыхий окуяларга жана кубулуштарга баа берүүдө олуттуу жаңылыштыктарга, аша чабууларга алып келгени белгилүү.
Албетте акыркы жылдарда кыргыз тарых илиминде бул өңүттө алгылыктуу иштер аткарылып, инсан таануу багыты калыптанууда. Бирок, баса белгилей кете турган нерсе, али ал маселенин чети оюла элек. Алдыда далай чыгаан инсандар адилет бааны, акыйкат жана калыс илимий иликтөөлөрдү күтүп жатканы да анык.
Айтмакчы, тарых илиминде кээде тарыхтагы чыгаан инсандын ролун жана ордун чагылдырууга кандайча кайрылуу керектиги жөнүндө маселе козголгон бир катар курч дискуссиялар чыгып турганы маалым. Албетте андай маалда аалымдар тарыхий процесстин бүтүндүгүн бузбоо, объективдүү жана субъективдүү факторлордун тең салмактуулугун туура сактоо зарыл экендигин көнүлгө бек түйүшү керек эле.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *