Самыйканов Адисбек Тынчтыкбекович. Социоантропоморфтук түшүнүктүн мифоэпикалык формалары.

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрики: Философия илими —философиянын тарыхы

Баяндама:

Аң-сезимдин өнүгүү динамикасын жалпылоонун, анализдөөнүн негизинде калыптанган дүйнө таанымдын философиялык аспектилерин, өткөн доорду илимий-философиялык өңүттө изилдөө Кыргызстанда соңку жылдары олуттуу мааниге ээ болууда.
Руханий маданиятка заманбап мамиле кылуу, тарыхый-маданий баалуулуктардын маңызын чечмелөө мезгилдин талабы менен пайда болгон курч маселелерди чечүүдө жана философиялык мурасты диалектико-материалисттик жаатта тыкат иликтөө, инсан менен социумдун рухий өнүгүүсүндөгү маанилүү факторлордун бири.
Адам менен табиятты изилдөөнүн баштапкы парадигмасын бүгүнкү күндөгү илимий чөйрөдөн четтетүүдө оор абал түзүлүүдө. Себеби, айрым илимий коомчулуктун өкүлдөрү объективдүү дүйнөнүн предметтеринин реалдуулугун жокко чыгарышат жана байыртадан калыптанып, өнүгүп келе жаткан руханий баалуулуктарды коомдук процесс катары карабай аларды бириктирүүгө аракет жасашууда. Мына ушундай абал изилденип жаткан маселенин актуалдуулугун шарттап турат. Маданиятты сактоо, аны коомдун моралдык-нравалык кыйроосунан жана вандализмден коргоо бир улуттун эле эмес жалпы эле адамзаттын ыйык милдети болуп саналат.
Бүгүнкү күндүн талабына ылайык пайда болгон суроолорго жооп издөө философтордун, тарыхчылардын гана маселеси эмес бул көрүнүш бардык илимдердин изилдөө объектисине айланды. Анткени, илимдер ортосундагы диалектикалык катнаш, калыптанган дүйнө тааным системасынын ички маңызын объективдүү баалоого ыңгайлуу шарт түзүп берет.
Акыркы убактарда байыркы кыргыздардын руханий мурастарын ар тараптуу, терең илимий изилдөөгө алуу илим жаатында жанданууда. Бул көрүнүш кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин ойгонушуна, ошондой эле бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк масштабда жүрүп жаткан процесстерде өз ордун сактап калуу зарылчылыгына байланыштуу. Кыргыз ойчулдарынын философиялык чыгармаларын анализдөө менен реалдуу дүйнөнү мифоэпикалык кабылдоонун башатын билүүгө болот. Бирок, бул маселенин түшүнүк-категориялдык аппаратын изилдөөгө жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Мындай проблемалардын катарына антропоморфтук түшүнүгү да кирет. Кыргыз элинин антропоморфтук түшүнүктөрү иш жүзүндө илимий жактан иштелбеген маселе боюнча калып келүүдө десек аша чапкандык болбойт. Айтылган проблеманы тарыхый-логикалык анализдөө жалпы философиялык салттардын калыптануу өзгөчөлүктөрүн бөлүп кароого жана алардын дүйнө тааным системасындагы маңызын кененирээк ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай илимий иликтөөлөр философиянын бүткүл дүйнөлүк тарыхынын бирдиктүү теориясынын өнүгүшүндө зор мааниге ээ. Ошол эле учурда ал кандайдыр бир деңгээлде тарыхый-философиялык аспекттин концептуалдык маңызын байытат жана аксиологиялык, гноселогиялык негиздерди тигил же бул концепцияда илимий өңүттө ачып берет.
Кыргыз дүйнө таанымындагы социоантропоморфтук түшүнүктөрдү тарыхый-философиялык өңүттө азыркы илимдин өзөгү аркылуу диалектиканын категорияларынын системасында терең иликтөө абзел. Себеби, категориялардын тутумунда изилдөөгө алынган объекттин концептуалдык өзгөчөлүктөрү жана маңызы чагылдырылат. Ошондуктан кыргыздардын дүйнө туюмунун ушул жаатта иликтениши проблеманын актуалдуулугунун өзөгүн түзөт. Байыркы доорлордо калыптанган философиялык көз-караштардын системасын тарыхый-философиялык аңдоо алардын реалдуу дүйнөнү өзгөчө формада сүрөттөгөндүгүн аныктоого мүмкүндүк түзүлөт. Же болбосо улуттук рухтун тамыры өткөн заманга барып такалаарын тастыктоого болот. Ошондуктан, тандалган теманын актуалдуулугу кыргыз улутунун алмустактан келе жаткан бай руханий байлыгына, цивилизациясынын башатына болгон кызыгуусуна гана түрткү болбостон, учурдагы адамзат коомчулугунда өз ордун табууга өбөлгө боло алат.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *