Салморбекова Рита Бобуевна. Кыргыз коомундагы антропосоциеталдык өзгөрүүлөр

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрики: Социология илими -– социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер

Баяндама:

Советтер Союзу тарагандан бери Кыргыз Республикасында саясый, экономикалык, социалдык-маданий чөйрөлөрдө өзгөрүү процесси жүрүп жатат. Коомдун баардык чөйрөлөрүндөгү өзгөрүүлөр экономикада, саясатта жана социалдык-маданий чөйрөдө жаңы көз караштарды жана мамилелерди жаратууда. Жаңылануунун эски менен болгон күрөшү коомдо социалдык чыңалууну жаратат. Мындай абалга нааразычылык бийликтин баардык бутактарына ар кандай үлгүдө чагылдырылып жатат. Бир жагынан коомдук жашоого кайдыгер мамиле, жүрүп жаткан окуяларга көңүл чөгүү башталса, башка жагынан агрессия, нааразычылык жана митингдер активдүү жүрө баштады, айрым учурларда мистикалык, паранормалдык кубулуштарга берилип кеткендер күчөдү. Кыргыз коомундагы социалдык чыңалуунун өсүшүнө экономика жана саясат тармагындагы кризис негизги себеп болуп калды. Жумушсуздук, жашоо минимумунан төмөн кирешедеги калктын санынын көбөйүшү маргиналдардын пайда болушуна, жашоо сапатынын, стилинин жана жашоо элесинин өзгөрүшүнө алып келди. Социалдык баалулуктардын катмарланышына жана калк арасындагы ар кандай топтордун жашоо деңгээлинин ажырашы күчөдү.
Азыркы коомдо социалдык чыңалуу «точкасын» топтогон топтор бар. Социалдык мамиледе – бул пенсия курагындагылар, жаштар, жумушсуздар, бюджет кызматкерлери, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр ж.б. Территория боюнча – бул жашоо деңгээли төмөн, жумушсуздуктан миграциянын агып чыгышы жана келишинин жогорку деңгээлдеги аймактары.
Мындай аймакка жаңы конуштар кирет. Калктын активдүүлүгү ички жана тышкы миграцияны күчөттү, материалдык абалдын тез катмарланышы башка этникалык жана социалдык топтордун өкүлдөрүнө социалдык чыдамсыздыкты жаратты. Соңку 20 жыл ичинде Бишкек шаарынын айланасына 47ге жакын жаңы конуштар пайда болду. Азыркы Кыргызстан үчүн Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын абалын изилдөө актуалдуу. Бирок, официалдык статистикалык базада жаңы конуштарда жашаган жарандар камтыган жок, анткени бул жерде жашагандар каттоодон өткөн эмес. Көптөгөн жаңы конуштарда азыркы мезгилге чейин социалдык объектилер, жолдор салынган эмес, коммуникация бара элек жана инфраструктура толугу менен өнүгүүдөн артта калган.
Жаңы конуштардагы тиричилик үчүн керектүү шарттын жоктугу, инфраструктура, антисанитариянын төмөндүгү акырындык менен социалдык чыңалуунун чордонуна жана жогорку криминалдык территорияга айланууда. Мамлекет тарабынан көйгөйлөр көз жумдуда калса жашоочулар арасында социалдык жарылууларды, нааразычылык акцияларды, социалдык, аймак аралык конфликттерди алып келиши мүмкүн.
Чыныгы көйгөйлөрдүн жана конфликттердин өз тамыры бар жана ал жергиликтүү деңгээлде башталат. Элдердин күнүмдүк жашоосундагы көйгөйлүү маселелерди чечүүчү орган катарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу каралат. Эреже катарында жергиликтүү эл күнүмдүк турмуштук баш аламандыктарды өз убагында ажырата карай алышпайт жана социалдык чыңалууну кандай чечүүнү билишпейт. Жергиликтүү бийлик болуп өткөн конфликттерди чечүүгө аракет кылышат, анткени конфликттерди алдын алуу жана чечүү системасы жок. Жергиликтүү органдардын жетишсиз компетенциясы конфликттерди алдын алуу жана чечүүгө алып келбестен, алар көмүскөдө калууда.
Элдин жашоо сапатынын көйгөйлөрү боюнча чыныгы так маалыматтардын жоктугу жана кыргыз коомундагы антропосоциеталдык өзгөрүүлөргө баа берүү илимий талдоого муктаж, изилдөөнүн жыйынтыктары өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө конкреттүү сунуштарды берүү. Бул коомдук пикирди аныктоо үчүн жарандардын жана эксперттердин катышуусунда ар кандай ыкмаларды колдонуу менен социологиялык изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгын жаратты. Социологиялык изилдөө келечекте өнүгүүнүн максаттарын жана жүрүп жаткан процесстин жалпы сүрөтүн аныктоого мүмкүндүк берет.
Диссертациялык иштин актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын аймактарындагы социалдык жашоонун тенденцияларынын карама-каршылыктарын изилдөө. Азыркы мезгилде аймактардын өзгөчөлүктөрүн адамды коомчулуктан жана маданияттан ажыратпастан изилдөө керек. Мындай ыкма коом алдындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, изилдөөнүн чордону адам, коом жана маданият. Инсан, коом жана маданият маселелери боюнча көп жактуу изилдөөлөр болгон, бирок, бизге жеткиликтүү адабияттарда коомду антропосоциеталдык бүтүндүк катарында изилденген эмгектер кезиккен эмес, ошондуктан, илимий жана тажрыйбалык жактан иликтөө кызыгууларды туудурду. Ушул жагдайлар бул изилдөөнүн актуалдуулугун аныктайт.
Диссертациянын темасынын ири илимий программалар менен байланышы. Диссертациялык изилдөөнүн темасы Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун илимий – изилдөө пландык иштерине киргизилген.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *