Орунбеков Бакытбек Орунбекович. Коомду кайра куруу шартындагы саясий партиялар: орду, маңызы жана келечеги

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрики: Саясат таануу илими — Саясий инситуттар, процесстер жана технологиялар

Баяндама:

Кыргыз Республикасынын саясий системасынын абдан маанилүү бөлүгүн саясий партиялар түзүп турат. Азыркы кездеги кыргыз коомундагы ички саясий процесстердин жүрүшүндө саясий партиялар абдан зарыл субъектке айлануу учурун башынан өткөрүүдө. Саясий партиялардын санын абдан көбөйүшү жана алардын ишмердүүлүгүнүн кеңейиши кокусунан болгон көрүнүш эмес. Жалпысынан эле партиялардын демократиялык мамлекетти жана жарандык коомду куруудагы эбегейсиз ролун эске алсак, анда келечектеги кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү саясий партиялардын ордун баса белгилеп кетүүгө болот.
Өткөөл мезгилдин жүрүшүн, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы жана демократиялык түзүлүштү орнотуудагы саясий партиялардын орду зор. Бирок, саясий партиялардын азыркы замандын талабына жооп бере ала тургандай болуп жетилиши, коомдук институттун өзүнө гана мүнөздүү болгон бир катар атайын функцияларды аткара алуусу, алардын бири-бири менен мыйзам чегинде атаандашып, калыптануусу сындуу процесстердин жүрүшүндө көптөгөн мүчүлүштөр байкалууда.
Кыргызстандын азыркы саясий системасына жарандык коомдор, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башкалардын саясий уюмдардын кызыкчылыктарынын күрөшү мүнөздүү. Мына ушул универсалдык процессте бийликти ишке ашыруу маселесинин тегерегинде көптөгөн саясий көз караштар пайда болот. Бул ар кандай тенденциялардын – анын ичинде жагдайды олку-солкулукка алып келүүчү жаңжалдык жагдайлардын да өнүгүшүн жокко чыгарбайт. Ушул мааниде алганда өткөөл коомдордо демократиялык консенсусту камсыз кылуу маселесин изилдөө актуалдуу болуп эсептелет. Анын негизги объектиси коомдо салыштырмалуу айтканда таасирдүү деп эсептелген саясий партиялар болушу мүмкүн.
Коомду бир багытка баштоодогу партиялардын ордун изилдөө ириде саясий режимдин мыйзамдуулугун таануу маселесин илимий негизде ачып көрсөтүүнү талап кылат.
Азыркы мезгилдеги Кыргызстанга мүнөздүү социалдык жана рухий багыттардын түп-тамырынан бери өзгөрүлүп жаткан шартта жүрүш-туруштун активдүү социоэкономикалык моделин калыптандыруудагы, либералдык жана демократиялык баалуулуктарга ээ, цивилизациялуу мамлекетти куруунун негизин түзгөн принциптерди өздөштүрүүдөгү саясий партиялардын ролун изилдеп үйрөнүү чоң мааниге ээ.
Улуттук аң-сезим менен этностук «ренессанстын» жылт эткен көрүнүшүн башынан өткөрүп жаткан постсоветтик коомдор үчүн (Кыргызстан ошондой коомдордун катарына кирет) улуттун маданий жана мамлекеттик-аймактык жактан өз тагдырын өзү чечүү маселелеринде да улуттук идентификация проблемасы өтө актуалдуу. Саясий партиялар бул процесстерге түздөн-түз таасир эткендиктен, ага тийиштүү деңгээлде илимий жактан көңүл бөлүүгө туура келет.
Мамлекеттик структуралардын иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндөгү тезис – демократиянын классикалык теориясы, постулаттарынын бири. Көзөмөлдөөнүн бөтөнчө механизми дал ушул саясий партияларга гана тиешелүү. Бул да саясий илимден өтө олуттуу көңүл бурууну талап кылат. Кыргызстандын саясий системасындагы эволюциянын методологиялык маселелерин жана саясий партиялардын ордун изилдөөнүн өтө зарыл болушуна постсоветтик мезгилдин өзгөчөлүгүн, кыргыз мамлекетинин уңгусун түзгөн кыргыз улутунун менталитетин, нечен кылымдардан бери келе жаткан элдик салттарды эске албастан, батыш өлкөлөрүндөгү тажрыйбага кылдаттык менен мамиле кылбай эле «көчүрүп» алуу тенденциялары өзүнчө көңүл бурууга арзыйт.
Ошентип, бүгүнкү күндө саясий партиялардын саясий процесстин субъектиси катары ролу менен таасирин изилдөө абдан актуалдуу. Анткени көбүнчө мамлекет, коомдогу саясий, ошондой эле шайлоо системалары тарабынан укуктук жактан регламентациялоону талап кылган маселе.
Теманын изилденүү деңгээли. Саясий уюмдарды жана алардын коомдук турмушка тийгизген таасирин изилдөөдө саясат таануу илими бай тажырыйба жана салттын ээси болуп эсептелет . Саясий партиялардын мамлекеттин калыптана баштагандагы жана коомдогу ролун системалуу түрдө биринчилерден болуп изилдөө европалык Т. Гоббс [28], А. де Токвиль [106], Р. Доуз [111] сыяктуу окумуштууларга таандык. Стабилдүү парламенттик системаны калыптандыруу процесси белгилүу окумуштууларга азыркы партияларды жана партия куруу ишмердүүлүгүн талдоонун парадигмалык негизин түзгөнгө мүмкүндүк берди.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *