Э.Абдулдаев, А.Супрун, Тилдин Жана Жазуунун Келип Чыгышы, Фрунзе 1965ж

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрүнө, кубулуштарына байланыштуу кѳп кырдуу башка суроолор сыяктуу эле адам баласынын тили жана анын кантип чыккандыгы жөнүндөгү суроо да адамзаттын ойпикирин эзелтеп бери толкундатып келген. Философтор, лингвисттер, табигат таануу илимдеринин өкүлдөрү ж. б. байыркы замандан азыркы мезгилге чейин кѳп сандаган ойлорду сунуш кылышты, бул суроого жооп табууга аракеттенип келишти.

Коомдо пайда болгондон баштап бири-бирине карама-каршы туруп күрөшүп келген илим менен диндин, материализм менен идеализмдин бул суроого берген жообу эки башка. Дин биз жашаган жана бизди курчап тургаи дүйнөнү (жерди, сууну, өсүмдүктөр менен жаныбарларды жана жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрү менен кубулуштарын) чындыктан алыстатып, кандайдыр сыйкырдуу нерсе катары түшүндүрүп, булардын бардыгын кудай жаратты деп эсептейт. Идеализм болсо мындай диндик окууну ар дайым кубаттап келди жана дагы кубаттап жатат. Идеализм менен дин адам баласын жана анын байланышкатнаш куралы болгон тилди да кудайдын табигатка берген «даяр белеги» катарында карашат.

Чындыкты бурмалоочу идеализмге жана динге карамакаршы турган прогрессивдүү, материалисттик илим чыккаида, ал идеализм менен динди биротоло ашкерелеп, адам баласы өзүнүн кайдан пайда болгонун жана адамдын коому менен тили кантип өнүгүп чыккандыгын анык-тоого, өзүнүн бүткүл тарыхый жолун текшерип көрүп, келечекте кайда барарын билүүгө жетише алды. Адам, анын түзүлүшү, коому жана тили кандайча өнүгүп чыккандыгын аныктап билүү адам баласынын билим жагынан болгон күчтөрүнүн эң сонун далили болуп саналат, бул ревслюциячыл материализмдин эң улуу жеңиштерине кошулат.

КПССтин жаңы Программасында көрсөтүлгөндөй «…илим дүйнөнүн сырын улам барган сайын толугураак ачып жатат, кишинин жаратылышка бийлик кылуу күчүн көбөйтүп жатат жана табигаттан тышкары турган күчтөр бар деп дин ойлоп чыгарган фантазиялык жок нерселер үчүн орун калтырбайт».

Адам баласынын тили кандайча пайда болгондугу жөнүндөгү маселени кээ бир окумуштуулар таптакыр башка маселе менен чаташтырышат. Алар, маселен, адам баласы сүйлөөгө кандайча жетише алды жана адам баласынын тили абал мурда кандай болгон деген проблеманы чечүү үчүн, материалды азыркы кездеги реалдуу жашап турган тилдерден издешкен. Бул, албетте, туура эмес. Тилдин чыгышы жөнүндөгү жалпы маселени азыр реалдуу жашаган тилдер, же өлүү тилге айланып кетин, бирок пайда болуш тарыхы кийинки доорго туура келген тилдер жѳнүндөгү конкреттуу маселе менен чаташтырууга болбойт. Анткени реалдуу жашаган тилдердин конкреттүү фактылары анын тыбыштык, грамматикалык жана лексикалык материалдарынан белгилүү болуп турат. Ал түгүл, айрым өлүү тилдердин фактыларын жазып калтырылган түрдүү эстеликтер аркылуу да билүүгө болот.

Алгачкы пайда болгон тилдин мындай конкреттүү фактыларын билүүгө мүмкүн эмес, анткени алгачкы пайда болгон тилден азыр изилдөөгө мүмкүн болгудай белгилүү калдыктар сакталбаган жана сакталууга да мүмкүн эмес эле. Археологдор менен антропологдор да мындай калдыктарды, башкача айтканда, жазуу аркылуу жep алдында сакталып калбаган тилди «казып чыгарууга» мүмкүнчүлүгү жетише албастыр.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *