Биймурсаева Бурулбүбү Молдосалиевна. Математиканы окутуу процессинде окуучуларга эстетикалык таалим-тарбия берүүнүн илимий -методикалык негиздери

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрика: Педагогика илимдери

Баяндама:

Изилдөөнүн актуалдуулугу. Жалпы билим берүүнүн максатына ылайык окутуу процессинде окуучуларга билим берүү менен катар тарбиялоо дагы орчундуу орунду ээлей тургандыгы белгилүү. Окуу — тарбия процессинин системасында эстетикалык таалим — тарбия берүүнүн дагы өзүнүн алган орду бар, себеби ал окутуу процессинде окуучулардын предметке болгон кызыгууларын арттыруучу потенциалга ээ.
Окутуу процессинде балдарга эстетикалык таалим — тарбия берүү негизинен адабият, музыка, сүрөт предметтери аркылуу ишке ашырылат. Бирок окуучуларга эстетикалык таалим — тарбия берүү маселесин ушул предметтер менен гана чектеп коюу туура эмес. Анткени, дээрлик бардык окуу предметтеринин бул же тигил деңгээлде эстетикалык таалим — тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилүү дидакт И.Я.Лернер [84, 25 б] социалдык тажрыйбаны изилдөөнүн негизинде билим берүүнүн мазмунунун төрт компонентин бөлүп көрсөткөн:
1) жаратылыш, коом, техника, адам иш-аракетинин жолдору жөнүндөгү билимдер;
2) белгилүү ишмердүүлүктү аткаруунун тажрыйбасы;
3) чыгармачылык ишмердүүлүктүн тажрыйбасы;
4) чыныгы дүйнөгө эмоционалдуулук-баалоочулук мамиленин тажрыйбасы.
Бирок, тилеке каршы, мектепте предметтик билим берүүдө бул компоненттердин акыркысына жетишээрлик көңүл бурулбай келет. Эстетикалык таалим — тарбия берүүнүн мазмунунда дал ушул төртүнчү компонент, башкача айтканда, курчап турган чөйрөгө эмоционалдуулук-баалоочулук мамиленин тажрыйбасы басымдуулук кылат.
Билим берүү системасынын жаңы концепциясынын негизги багыттарында айтылгандай мугалим окуучуларга билим гана берүү менен чектелбестен, тарбиялоо маселесине, анын ичинде, эстетикалык таалим — тарбия берүүгө, искусствону жана көркөм адабий чыгармаларды
үйрөнүүгө, тарыхый эстеликтердин, архитектуралардын, жаратылыштын кооздугун жана байлыгын түшүнүп, аны баалоого үйрөтүүгө тарбиялоого тийиш. Мугалим жогоруда айтылгандардан тышкары математика предметинин дагы эстетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу зарыл.
Өсүп келе жаткан жаш муунга эстетикалык таалим — тарбия жана көркөм билим берүүнүн негиздери П.П.Блонский, А.В.Луначарский, А.С.Макаренко, В.А.Сухомлинский, С.П.Шацкий жана башка көрүнүктүү педагогдордун илимий иштеринде каралган. Эстетикалык таалим-тарбия берүү боюнча философтордун, социологдордун жана педагогдордун эмгектери да чоң мааниге ээ.
Эстетикалык таалим-тарбия берүүнүн психологиялык — педагогикалык негиздерин Н.Н.Палагина, С.Л.Рубинштейн, Л.М.Фридман, аныкташкан.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *