Бектемирова Айнагүл Кашкарбаевна Нарын Облусунун социалдык-экономикалык турмушу (1991–2005-ЖЖ.)

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрика :Тарых илими — Ата Мекен тарыхы

Баяндама:

Теманын актуалдуулугу. Кыргызстанда өнүккөн демократиялык коомду курууда жана бул процессти илимий түшүнүүдө облустардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелери зор кызыгуу туудурат. Мына ошондуктан Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушун изилдөөгө, андагы топтолгон маселелерди чечүүгө арналган илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү азыркы учурдун талабы болуп калды. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жалпы турмушун иликтеп-изилдөөдө региондордун абалын талдоо актуалдуу маселелерден экендиги талашсыз, себеби мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүшү өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүштөрүнүн социалдык-экономикалык абалынын деңгээли менен аныкталары белгилүү. Нарын облусу айыл-чарбалуу регион болуп, анда жашаган калктын басымдуу көпчүлүгү айыл жергесинде жайгашкандыктан, айылдардагы топтолгон социалдык маселелерди чечүүдө айыл-чарба өндүрүшү өзгөчө орунда турат. Дал айыл чарбасы өнүккөн учурда гана тигил же бул мамлекеттин калкынын материалдык жыргалчылыгы камсыз болуп, көптөгөн социалдык маселелер ийгиликтүү чечилээрин дүйнөлүк тажрыйба айкындаган.
Бул маселе Кыргыз Республикасы, анын ичинде Нарын облусу үчүн өзгөчө актуалдуу. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын жалпы көлөмүндөгү облустун салыштырма салмагы 4,0% га жакын деңгээлди түзүп, ал эми мал чарбасына адистешкен аймактын айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүндө мал чарбасынан алынган продукциясынын салыштырма салмагы 60%дан ашыгыраакты түзгөндүгүн айтсак айыл чарба тармагы облустун бүткүл чарбасынын негизи болгондугун көрөбүз. Ошондуктан өндүрүштүн бул тармагынын алга жылышы айылдын социалдык маселелеринин чечилиши менен тыгыз байланыштуу, тескерисинче, айылдын социалдык турмушунда буга чейин чечилбей топтолуп келген социалдык маселелердин ишке ашышы тикеден-тике айыл-чарба өндүрүшүнө байланыштуу.
Кыргызстандын башка облустарынан айырмаланып, Нарын облусунун калкынын 98,8 %ын жергиликтүү улуттун өкүлдөрү түзөт, калктын 82%ы айылдарда жайгашып, дээрлик баардыгында кыргыздар жашайт. Ошондуктан облустун калкынын социалдык турмушун жакшыртуу аракетин күчөтүү жергиликтүү элдин, т.а. кыргыздардын кызыкчылыгын канааттандыруу дегендикке жатат.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *