Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович. Түштүк Кыргызстандагы массалык коллективдештирүү саясаты: XX – кылымдын 20 – 40 – жылдары. Жаңыча көз караш

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрика: Тарых илимдери

Баяндама:

Теманын актуалдуулугу. Кеңеш Өкмөтүнүн коомунун демократиялык өсүшүндө “коллективдештирүү” учуру тарыхчылар жана коом таануучулар тарабынан сын көз-караш менен каралып, өткөн окуялардын так чындыгын калыптандырып, алардын маңызына терең кирүү процесси болуп жаткан учур. Ошол кыйын тарыхый мезгилдердин бири бул айылдарды коллективдештирүү болуп эсептелет.
Чынында эле коллективдештирүү бир топ кедей дыйкандардын жашоо шартын өзгөртүп социалисттик өнүгүү жолуна түшүргөн. Колхоздук түзүлүш социализм учурунда бир топ кыйынчылыктан өтүп, оң сынга ээ болгон. Ал мамлекетти нан менен жабдып өзгөчө азия республикалары дүйнөдөгү пахта өнүктүрүүдө эбегейсиз чоң жетишкендиктерге жеткен. Колхоз жана колхоз дыйкандары Ата Мекендик согушта миллиондогон Кызыл Армияны тамак аш менен жабдууда өзүнүн шартка ылайыкташкан система катары көрсөткөн. Бирок, ошого карабастан коллективдештирүүдө анын жетишкендиктери менен бирге, анын тарыхта болгон агарбас темгил учурлары жөнүндө айтуу абзел. Мурда тарыхчылар үчүн бул учурлар белгилүү жагдайларга байланыштуу ачык айтуу оорчулукка туруп келген, анын себеби, бул Сталиндик өздүк тоталитардык башкаруу болгон. Бизге белгилүү болгондой айыл чарбаны коллективдештирүүдө бир топ катачылыктар кетирилген, алар убакытты чектөө, катуу талапты үгүттөө, ар кандай формадагы коркутуп-үркүтүү методдорун колдонуу болуп эсептелет.
XX кылымдын 20-40-жылдарындагы Кеңеш Өкмөтүнүн массалык коллективдештирүү мезгилиндеги кулакка тартуу саясаты тарыхый татаал доорлордун бири болгон. Авторитардык, буйрукчул-командалык системага негизделген Сталиндин мындай саясаты, бүгүнкү күндө тарых илиминдеги буга чейин обьективдүү баа берилбей, бурмаланып келе жаткан бир топ актуалдуу маселелердин бири болуп эсептелинет. Бул маселе тарыхчылар тарабынан буга чейин, тагыраак айтканда Союздун мезгилинде партиялык идеологиянын рамкасынын чегинде гана каралып, чыныгы тарыхый окуяны аягына чейин обьективдүү ачып бере алышкан эмес.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *