Музыка 3-классы кыргызча pdf

КЫМБАТТУУ ОКУУЧУМ!

Бул жылы да музыка сенин жашооңду дайыма коштойт. Сен быйыл кыргыз эл музыкасы менен кеңири таанышасың. Анда кыргыз элдик музыкасынын ырчылык өнөрү, аспаптык аткаруучулары жана кыргыз эл аспаптарынын түрлөрү жана ошону менен бирге профессионалдык музыка багытында терең маалымат аласың.

Атактуу манасчылар, төкмө акындар, ырчылар, комузчу, кыл кыякчы, чоорчу, темир ооз комузчулардын, ошону менен бирге композиторлордун чыгармачылыгы менен таанышасың уламыштарды, жомокторду, дастандарды окуп, ырларды өздөштүрөсүң, кызыктуу сүрөттөрдү көрө аласың.

Бул китептен сен жеке эле өз элиңдин эмес, коңшу жана дүйнө элдеринин музыкасына да саякатка чыгасың. Китеп сенин жан дүйнөңдү тазартып, ой-жүгүртүүңдү өнүктүрүү менен келечек ой-максатыңа жетүүгө зор көмөк болот деп ойлойбуз.

Эмесе, кымбаттуу окуучум, музыкалык саякатыңа

АК ЖОЛ!

 
File Downloads: 304
Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *