Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич. Кыргызстан коомунун социалдык түзүлүшүнүн базарлык мамилелерге өтүү шартындагы өзгөрүшү

Рубрики: Социология — Социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер

Баяндама:

Адам баласынын социумда калыптануу процесси жана анын коомдогу башка индивиддер, социалдык топтор, институттар менен аракеттениши ар дайым изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келген. Социология илиминде социалдык түзүлүш теориясы базалык абалды ээлейт. Коомдун социалдык түзүлүшүн иликтебей туруп андагы социалдык мамилелердин жана социалдык процесстердин чыныгы маңызын түшүнүү мүмкүн эмес.
СССРдин жоюлушу, авторитардык түзүлүштөн демократиялык түзүлүшкө, экономикадагы командалык – административдик башкаруу системасынан базарлык мамилелерге өтүү постсоветтик коомдордун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө терең өзгөрүүлөргө алып келди. Кыргызстан өзүнүн экономикалык өнүгүү багытында — базарлык экономикалык мамилелер орногон коомго өтүүнү тандап алды. Ал эми базарлык экономика мамлекеттик менчик менен жеке, аралаш, коллективдик, ж. б. менчик түрлөрүнүн айкалышын талап кылат. Коммунисттик режим тарабынан жок кылынган жеке менчиктин пайда болушу кыргызстан коомунун социалдык – таптык түзүлүшүнө олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Натыйжада, акыркы 20 жылда Советтик Кыргызстан үчүн белгисиз болгон жаңы таптар жана катмарлар калыптанды. Бул ишкерлер жана менчик ээлери болгон: фермерлер, банкирлер, бизнесмендер, комерсанттар, жеке дүкөндөрдүн, фирма, мейманкана жана ресторандардын ээлери ж. б. Мүлктүк жиктелүү күчөп, коомдо байлар, орто жашагандар, жакырлар катмарлары пайда болду. Советтик түзүлүштөн келген эски таптар (жумушчулар, дыйкандар, интеллигенция) эл чарбасынын кайра түзүлүшүндө жана ишканаларды менчиктештирүүдө, белгилүү өзгөрүүлөргө дуушар болду.
Проблеманын изилденүү деңгээли. Коомдун социалдык түзүлүшүн изилдөө боюнча көптөгөн илимий концепциялар иштелип чыккан. Өз эмгектеринде Батыш социология классиктери социалдык түзүлүштүн теориялык негиздерин иштеп чыгууга чоң салымын кошушкан. Алардын ичинен: Э. Дюркгейм [1; 2], Т. Парсонс [3; 4], А. Р. Радклифф – Браун [5;134], М. Вебер [6; 7; 8; 9], Б. Малиновский [135], Г. Спенсер [10; 11], К. Маркс [12; 13; 14], О. Конт, Р. Мертон [15] ж. б. атоого болот. Алардын коомдун социалдык түзүлүшүнө болгон көз караштары эки: таптык жана градациялык концепцияларга топтоштурууга болот.
Советтик социологдор коомдун социалдык түзүлүшү, анын өзгөрүү, өнүгүү процесстерин изилдөөдө түрдүү аспекттеги көз караштары менен илимге өздөрүнүн чоң салымдарын кошушкан. Алар: Ф. Р. Филиппов [16], М. Н. Руткевич [17; 18; 19], О. И. Шкаратан [20; 21; 22; 23], В. В Радаев [24], Н. Е. Тихонова [25], К. Исаев [26], М. С. Комаров [27; 28], Т. И. Заславская [29; 30] ж. б. Алардын эмгектери изилдөөлөрүнүн фундаменталдуулугу, күчтүү статистикалык базасы, социалдык түзүлүш менен байланыштагы көйгөйлөрдү белгилөөдөгү кенендиги, тереңдиги менен айырмаланган. Ошол эле учурда алардын идеологиялык мүнөзүн, бир тараптуулугун белгилей кетүү шарт. Алар СССРде 1930 — жылдары калыптанган социалдык түзүлүштүн сталиндик «2+1» формуласынын чегинен чыгышкан эмес.

Бөлүшүү

Комментарий калтыруу

Сиздин email көрсөтүлбөйт. Милдеттүү талаа *