Даминова Инабаткан. Кыргыз эл педагогикасынын прогрессивдүү идеялары жана тажрыйбалары аркылуу башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо. doc

Рубрика: Билим

Баяндоо:

Изилдөөнүн актуалдуулугу. Учурда Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринин алдына коюлган жаш муундардын акыл-идирегин, дүйнө таанымын, ишенген нарк-нускаларын, жүрүм-турумун этникалык маданий дөөлөттөрдүн негизинде өркүндөтүү сыяктуу талаптар жана милдеттер менен шартталган.
Элдин курчап турган табийгый чөйрөнүн алдында өзүн жоопкер сезүү, аны менен эриш-аркак биримдикте, гармонияда жашоого нускаган акыл ойлору, жашоо өрнөктөрү этнопедагогикалык маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз элинин унутулган же унутулганы калган рухий кенч-мурастарынын арасында адамзаттын табияттан заматтык пайда гана алууну көздөгөн ашынган рационализмин жана эгоизмин сынчыл акыл сыдыргысынан өткөрүп андан келип чыккан ой-тыянактарын, келечек муундарга сабак болоорлук деңгээлдеги эмоциялык көркөмдүк күч менен туюнткан чыгармалар арбын. “… ар кайсы элдердин космологиялык ойломунда экологиялык маданияттын келечеги үчүн негиз болчу бай потенциалы бар”, – деп белгилейт атактуу табият таануучу В.И. Вернадский [40,48]. Аларда чагылдырылган адептик-экологиялык проблемалар менен этнопедагогикалык энергия адамдардын жан-дүйнөсүн табиятка жапакеч мамиле кылууга байланышкан сезим, туюмдар менен азыктандырып байытууга дале болсо дараметтүү.
Маселе аларды илим айдыңынан иргөө, таануу, талдоо менен гана чектелбестен, жаш муундарды тарбиялоонун активдүү каражатына айландырууда турат. Бул проблеманын актуалдаштырылышы бүгүнкү экологиялык кризистеринен улам гана пайда болуп жаткан жок. Карапайым калк тарабынан калыптанган этнопедагогикалык маданиятты муундан муунга мурастоо, жана окуу-тарбия ишинде колдонуу идеялары педагогика илиминин түптөлүү доорунда эле пайда болуп, өнүгүп келе жатат. Анын айрым аспектилери педагогика илиминин классиктери Я.А.Коменскийдин, А.В.Дистервергдин, Ж.Ж.Руссонун, Л.Н.Толстойдун, К.Д.Ушинскийдин,
В.А. Сухомлинскийдин эмгектеринде чагылдырылган. Этнопедагогика илиминин көрүнүктүү өкүлдөрү В.Ф.Афанасьев, Г.Н. Волков, А.Ш. Гашимов, М. Гуртуев, А.Э. Измайлов, Ш.А. Мирзоев, И.А. Шоровдордун эмгектеринде элдик педагогикалык билимдердин бир бөлүгү болгон табият жөнүндөгү муундан муунга мурасталып келген билимдер ар түрдүү аспектиден, ар кайсы деңгээлде иликтөөгө алынган. Ал эми ар кайсы элдердин улуттук таалим-тарбия салттарындагы прогрессивдүү идеялар менен тажрыйбаларды азыркы башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо ишинде колдонуу маселелери С.И.Фомина, Т.Б.Замбалова, Н.Ш.Блягоз, Б.К.Алиева, А.В.Вакилов ж.б. диссертациялык иштеринде атайын изилденген.
Экологиялык таалим-тарбиянын көп кырдуу теориялык жана методикалык маселелери А.Н.Захлебный, И.Д.Зверев, Б.Г.Иоганзен, Н.А.Рыков, А.П.Сидельковский, И.С.Суравегиналардын эмгектеринде иштелип чыккан. Бул жана башка окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжаларына таянуу менен, ошол эле учурда ар бир элдин өзүнө таандык кайталангыс өзгөчөлүктөрү, мезгил менен мейкиндик айкашуусундагы өзүнчө орду болорун, ошол этникалык бүтүндүктүн өзүн түзгөн салттар, үрп-адаттар руханий мурастар калктын табигый чөйрөнү таанып билүү тажрыйбасына, кылымдар бою жаратылыш менен эриш-аркак жашоодон алган билиминин мазмунуна жараша, бири биринен олутуу айырмаланарын көңүлдөн чыгарбоо керек.
Башталгыч класстардын окуучуларын табиятка дилгир мамиледе болууга тарбиялоонун педагогикалык шарттарын рационалдуулук менен эмоционалдуулуктун байланышы, билим, сезим жана ишмердүүлүктүн биримдиги катары негиздеген И.К.Блинова, Л.Д.Бобылева, Е.А.Гриева, Д.И.Китвжева, Л.П.Салеева, М.Н.Сарыбековдордун изилдөөлөрү да атайын таанышып чыгууга арзыйт. Класстан тышкаркы табият таануучулук иштерди активдештирүү жолдору В.М.Минаеванын эмгектеринде иликтенген.
Кыргыздардын экологиялык маданияты жөнүндөгү ар түркүн учкай маалыматтарды XIX-к. жергебизге келип кетишкен белгилүү саякатчылар Д.Майнагашев, Ф.Поярков, Т.П.Пржевальский, В.В.Радлов, И.Г.Федченколордун, ошондой эле тарыхчы-этнограф окумуштуулар С.М. Абрамзон, Д.Айтбаев, Д.Айтмамбетов, А.Байбосунов, Г.Баялиевалардын эмгектеринен учуратабыз. Аталган маселеге башка проблемалардын тутумунда кыргыз этнопедагогдору А.Алимбеков, Б.Апышев, Н.Имаева, А.Калдыбаева, А. Муратов, С.Рысбаев, М.Чоровдор да кайрыла кетишкенин белгилеп кетүүгө болот. Илимий-педагогикалык адабияттарды талдоолор элдик мурастарда жана улуу муун өкүлдөрүнүн эс-тутумунда сакталган уникалдуу этноэкологиялык билим жана тажрыйбалар жетиштүү түрдө топтолуп илим айдыңынан атайын чечмелене электигин ырастады. Ал эми башталгыч мектептердин бүгүнкү күндөгү таалим-тарбия практикасына жүргүзүлгөн байкоолор элдик педагогиканын мурастары окуучуларга экологиялык тарбия берүү ишинде жетишээрлик колдонулбай жүргөндүгүн, мугалимдер менен ата-энелер бул тууралуу дегеле жалпы үстүрт түшүнүктөр менен чектелип келе жаткандыгын көрсөттү.

Бөлүшүү

Комментарий калтыруу

Сиздин email көрсөтүлбөйт. Милдеттүү талаа *