Шакирова Дилбар Кабыловна. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы чыгыш-батыш маданияттарынын диалогу проблемасы: тарыхый-философиялык анализ

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрика: Философия илимдери– философиянын тарыхы

Баяндама:

Изилдөөнүн актуалдуулугу. Учурда улуттук маданияттардын өз ара алакасы менен ымаласы философия менен маданият таануунун эң маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Мындай алакасыз дегеле маданиятты, анын ичинде улуттук маданиятты толук кандуу жана ар тараптуу элестетүү да, түшүнүү да мүмкүн эмес. Философия менен маданият таануунун илимий изилдөөнү айрыкча талап кылган түшүнүктөрүнүн бири болуп «маданияттар диалогу» саналат. Маданияттар диалогу деп ар бир маданиятка өзүнүн индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн айрып билүүгө жана түшүнүүгө мүмкүндүк берген маданий кубулуштардын өз ара алакалашуусунун көп кырдуу процессин түшүнүүгө болот. «Маданий дүйнөлөрдүн» өз ара байытуучу диалогу ар бир маданиятка өздүк маңызын тереңирээк түшүнүүгө, улуттук маданияттын Ч. Т. Айтматовдун залкар чыгармалары өңдүү көрүнгөн өздүк уникалдуу феномендерин өз даражасына карай баалап алууга көмөк берет.
Диалогикалык концепциянын өкүлдөрү маданияттын «өздүк детерминациясына» таянуу аркылуу кандайдыр бир мазмун жана формадагы маданият дайыма башка маданияттар менен да, башка тарыхый доорлор менен да чектешип турат деп баса белгилешет. Ошол себептен, учурдагы дүйнөлүк маданияттын панорамасы ар кыл цивилизациялык чөлкөмдөрдүн көп түрдүү жана өз алдынча маданияттарынын жыйындысынан куралган деп айтсак натуура болбойт. Бул маданияттар дайыма синхрондуу да, диахрондуу да мүнөздөгү диалог менен өз ара алакада болуп турат. Диалог маданияттар ортосундагы коммуникациянын каражаты катары маданиятты жаратууга тикелей катышкан маданий процесстин субъектилеринин өз ара алакаларынын андан ары бекемдөөгө көмөк берет. Маданий байланыштарды иш жүзүндө пайдалануу өз кучагына философия менен маданият таануунун тарыхы гана эмес, аталган 2 илимдин теориялары менен да тыгыз байланышкан маселелерди камтыйт.
Улуттук артыкчылыктарды артка сүрүп, уламдан улам Батыштан келген баалуулуктарды таңуулоо менен ааламдашып бара жаткан заманбап доордо кыргыз элинин залкар жазуучусу, улутубуздун сыймыгы болгон Ч. Т. Айтматовдун чыгармаларында терең мазмунда жана көп кырдуу багытта чагылдырылган Чыгыш-Батыш маданияттарынын диалогун илимий анализге атайылап тартуу жана аны философиялык интерпретациялоо зарылдыгын жаратат. ХХ кылымдын 2-жарымында көптөгөн дүйнө элдеринин руханий дүйнөсүнө өз чыгармалары аркылуу кирүү менен Ч. Айтматов көркөм мурасы кыргыз элинин гана эмес, дүйнөлүк маданият үчүн дагы деле болсо табышмак бойдон калган жазуучу да, ойчул да катары 1) практикалык маданият таануунун феномени катары илим менен философиянын изилдөө объектисине, 2) маданияттын улуттар аралык жана цивилизациялык диалогунун репрезентативдүү фигурасына айланган. Ч. Айтматовдун чыгармалары кыргыз элинин этникалык маданиятынын башка маданияттар менен болгон өткөн тарыхый доордогу, учурдагы жана келечектеги диалогун, улуттук кулк-мүнөзү менен менталдык өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу аркылуу өзгөчө кызыгууну туудурат.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *