Салыбекова Толкун Салыбековна. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамынын өнүгүшү жана анын өзгөчөлүктөрү (1960-2008 ж.)

Извините, этот текст доступен только на Кыргызском языке For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Рубрики: Юридикалык илим — мамлекеттин жана укуктун тарыхы жана теориясы; укук илимдеринин тарыхы.

Баяндама:

Жаңы коомдук жана мамлекеттик түзүлүшкө өтүү үчүн түп-тамырынан берки реформаларды жүзөгө ашыруу тиешелүү укуктук негиздерди, олуттуу мыйзамдык базаны, анын ичинде жазык мыйзамдарын да түзүүсүз жана өркүндөтүүсүз мүмкүн эмес.
Өткөнгө, Кыргызстандын жазык мыйзамдарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кайрылуу келечекте жазык-укуктук ченемдердин кыйла жемиштүү өнүгүшүн камсыз кылууга кызмат кылат. Мыйзамдар, анын ичинде жазык мыйзамдары да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын чыңдоодо жана социалдык багыт алган базар экономикасына карай өтүүдө, республиканын жаңы конституциясынын ченемдери менен принциптерин ишке ашырууда баа жеткис роль ойнойт. Аларда кыргыз элинин өркүндөшү жана укуктук, демократиялык, динден сырткары турган мамлекеттин өнүгүү жолу аныкталат.
Укуктун өнүгүшүнүн тарыхы ар кандай мыйзамдарды, анын ичинде жазык мыйзамдарын такай өркүндөтүп туруу, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү коомдук турмуштун мыйзам ченемдүүлүгү болуп саналарын көрсөттү.
Терс, ошондой эле оң тарыхий тажрыйба кийинки муундар тарабынан четке кагылууга тийиш эмес.
Атайын адабияттарда туура белгиленгендей, «…тарыхый принциптерди унутта калтыруу колдонуудагы жазык-укуктук ченемдерди жана алардын өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү тенденцияларын талдоого көмөкчү болбойт. Жазык мыйзамдарынын тарыхына, өткөн жылдардын мыйзам чыгаруу тажрыйбасын пайдаланууга кайрылуу жазык мыйзамдарын кодификациялоонун жана өркүндөтүүнүн маселелерин чечүүдө өзгөчө мааниге ээ болот»1.
Жалпысынан алганда өткөөл мезгилдеги коом менен мамлекеттин жана бөлүп алганда жазык-укуктук мамилелер менен жазык мыйзамдарынын өнүгүшүнө арналган тарыхый-укуктук изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү өзгөчө жогорулайт, анткени алар, бир жагынан алганда, өткөндөн сабак алуунун гана мүмкүнчүлүгүн бербестен, өткөн доордун тажрыйбасын учурдагы коомдун гана эмес, келечектеги муундардын салыштыруусуна, пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берет. Башка жагынан алганда, ар кайсы мамлекеттердин өнүгүшүнүн тарыхы, социалдык-экономикалык жана саясий түзүлүштүн алмашуусунун шарттары менен жаңы укуктук тутумдун калыптанышы дал жазык мыйзамдарына тиешелүү ченемдердин пайда болушунун жана өнүгүшүнүн көп мисалдарын берет, анткени коомдун өнүгүшүнүн өткөөл этаптарында укуктун бул чөйрөсү өзгөрүүлөргө өзгөчө көп дуушар болуу менен кээде түп-тамырынан бери жаңыртылат.
Жогоруда айтылгандарга негизденүү менен автор өзү изилдеп жаткан теманын актуалдуулугу жөнүндө толук адилеттүү айта алат, анткени жазык-укуктук чөйрөнүн проблемалары эч качан өзүнүн маанилүүлүгүн жоготкон эмес. Анын тескерисинче, алар ого бетер маанилүү мүнөзгө ээ болууда.
Кыргызстандын жана анын элинин тарыхы бай, алар көптөгөн сыноолорду башынан кечирип, кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өскөн жана ыдыраган учурларын башынан кечирип, көз карандысыздык менен өз алдынчалыкты жоготуп жана кайрадан аларга ээ болуп келген.

Поделиться

Написать комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *