Абдыразакова Зарипа Матисаковна. Эгемендүү Кыргызстандын Европа Шериктештигине кирген мамлекеттер менен мамилелери (Германия, Улуу Британия жана Франциянын мисалында)

Дисс… кан. ист. наук 07.00.02 Абдыразакова З.М../ Науч.рук.: док.ист. наук, проф. А.Жуманалиев; ОшТУ им.М.М.Аадышева, Бишкек — 2010, 147 стр.; таб.; 30 см. — Библиогр.: с. 135-147 ГРНТИ 14

Рубрики: Тарых илими — Ата мекен тарыхы

Баяндама:

1991-жылы Советтер Союзунун жоюлушу дүйнөлүк саясий картада 15 жаңы мамлекеттин пайда болушуна алып келди. Алардын бешөөсү Евразия материгинин чордону болуп эсептелинген Борбордук Азияда жайгашкан (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан).
Советтик ири державанын кыйроосу дүйнөлүк геосаясий баланстын өзгөрүшүнө алып келди жана Борбордук Азия аймагындагы геосаясий боштукту пайда кылды. Дүйнөлүк жана аймактык саясатта чоң роль ойношкон ири мамлекеттер 1991-жылдан баштап бул аймакта өз багыттарын бекемдөөгө аракет жасашкан.
Бир нече жылдар бою эч бир мамлекеттин көңүлүн өзүнө бура албаган бул аймак эми дүйнөлүк ири мамлекеттердин кызыгуусун арттырып, алардын ааламдашуу стратегиясында маанилүү ролду ойной баштады.
Бул мамлекеттер Улуу Жибек жолунда жайгашып, эң ири соода жолдорун өзүнө камтып, Европаны Чыгыш менен бириктирип турган. Улуу Жибек жолу Батышты Азия менен соода ж\рг\з\\ аркылуу гана байланыштырбастан, билим алуу, маданий байланыштарды калыптандырууда жана байытууда да чоң ролду ойноп келген.
Белгилүү бир мезгилдерде адамзаттын тарыхында бир катар маданияттардын, элдердин калыптануусунда өтө чоң ролду ойногон Борбордук Азия аймагы убакыттын өтүшү менен кайрадан сырткы байланыштарын калыбына келтирүүдө. Ага мисал катары Европа Шериктештиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелердин түзүлүшүн жана кеңейишин айтса болот.
Борбордук Азиянын жаңы көз карандысыз республикалары Европа Шериктештигине кирген мамлекеттердин ааламдык кызыкчылыктарында маанилүү орунду ээлешинин негизги себеби болуп, андагы табигый жана энергоресурстардын, мунай жана газдын ири өлчөмдөгү запасынын болушу, аймактын ыңгайлуу географиялык абалы ж.б. чоң роль ойногон.
Өз кезегинде, Борбордук Азиянын өлкөлөрү Европа мамлекеттери менен саясий жана экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар. Анткени, ал аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого көмөк көргөзөт.
Көз карандысыз Кыргызстан чет мамлекеттер менен мамилелерди жөнгө салуу аркылуу дүйнөлүк интеграциялык процесстерге кошулууга, эл аралык, аймактык проблемаларды чечүүгө жана өнүккөн цивилизациялык мамлекеттердин курамына кошулууга аракет кылууда.
Европа Шериктештиги Европанын экономикалык жана саясий өнүгүүсүндөгү эң ири борбор болуп эсептелинип, азыркы мамлекеттердин бири-бири менен болгон мамилелеринде үлгү катары кызмат кылууда. Европадагы саясий жана валюталык-экономикалык багытта интеграциялык процесстер акырындык менен күч алып жатат жана ал уюмдун дүйнөлүк саясатта таасирдүү орунду ээлөөсүн камсыз кылууда.
Кыргыз Республикасынын Европа Шериктештигине кирген мамлекеттер менен тышкы саясий мамилелеринин калыптануусун жана өнүгүүсүн изилдөө азыркы күндүн өтө актуалдуу проблемаларынын бири болуп саналат.
Проблеманын изилденүү деңгээли. Кыргызстандын 1991-жылы къз каранды эместикке ээ болуусу анын эл аралык проблемасын өтө актуалдаштырды.

Бөлүшүү

Комментарий калтыруу

Сиздин email көрсөтүлбөйт. Милдеттүү талаа *